⚠️ Группалардагы шылуундардан сак болгула!
Сакчы бот 1 800+ группаны кайтарат. Акыркы кездери группаларда мындай схемалар көбөйдү:
1. 💳 «Картаңды бер / картаңа акча которобуз» — бул «дропперлик». Сенин картаң аркылуу уурулуктун акчасын өткөрүшөт, кийин кылмыш иши сага ачылат. Эч кимге картаңды, реквизитиңди бербе.
2. 💰 «Алдын ала төлө» — жумуш, батир, товар, попутка үчүн алдын ала акча сураса — 99% алдамчылык. Көрбөй туруп, кол алышпай туруп төлөбө.
3. 📈 «Оңой акча, күнүнө 50$» — инвестиция, крипто, «ставка» деп убада кылса — сөзсүз алдайт. Оңой акча болбойт.
4. 🔐 SMS-код — эч кимге айтпа. «Банктан», «Telegram'дан» чалып сураса да — алар эч качан код сурабайт.
Бул постту жакындарыңа жөнөтүп кой — бирөөнү алданып калуудан сактап каласың 🙏
132.7K ·